Дүйнө жүзүндө бир күндө 10 миң 982 адам коронавирус оорусун жуктуруп алган болсо, 343 адам каза болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Коронавирус оорусу эң көп катталган 5 өлкө:
1. Кытай (81 миң 20 адам жуктурган, 3 миң 217 адам каза болгон);
2. Италия (24 миң 747 адам жуктурган, 1 миң 809 адам каза болгон);
3. Иран (13 миң 938 адам жуктурган, 724 адам каза болгон);
4. Түштүк Корея (8 миң 162 адам жуктурган, 75 адам каза болгон);
5. Испания (7 миң 844 адам жуктурган, 292 адам каза болгон).