Улуу Британия карантинди бузгандарга салынуучу айыптын көлөмүн эки эсеге көбөйттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми карантиндик эрежелерди бузгандар 100 фунт стерлинг төлөйт (биздин акча менен 9 миң 618 сом). Буга чейин тартип бузандар 60 фунт стерлинг төлөшкөн. Эгерде бул акчаны 15 күнгө жеткирбей төлөсөң, анын 50 пайызын гана төлөөгө болот.
Жаран тартипти бузган сайын төлөгөн айып пулдун көлөмү улам жогорулай берет. Эгерде ал көп жолу эреже бузса, анын иши сотко өтөт.
Айта кетсек, Улуу Британия да карантиндик эрежелерди жумшартып, айрым чектөөлөрдү алган өлкөлөрдүн катарында. Өлкөдө 224 миң 332 адамдан вирус аныкталса, алардын ичинен 32 миң 141 адам көз жумган.