АКШда коронавируска каршы вакцинанын миллион дозасы мөөнөтү бүтүп, жараксыз болуу алдында турат

АКШнын бир канча штаттарындагы эмдөө борборлору менен клиникаларында июнь айында Johnson&Johnson компаниясынын өндүрүшүнө таандык коронавируска каршы вакцинанын миллион дозасы мөөнөтү бүтүп, жараксыз болуу алдында турат. Мындай маалымат чет элдик массалык маалымат каражаттарында жазылды.

Анда айтылгандай, мөөнөтү бүтүп жаткан вакциналар тууралуу кабар Филадельфия, Пенсильвания, Батыш Виржиния, Оклахома, Кентукки жана Арканзас штаттарындагы клиникалардан келип түшкөн.

Johnson&Johnson компаниясынын өндүрүшүнө таандык вакциналардын колдонулбай туруп калышына апрель айында бийлик тарабынан вакцинаны колдонууну токтото туруу чечими себеп болгон. Анда вакцина менен эмделген 6 адамда тромбоз пайда болуп, бир аял каза болгондон кийин вакцинаны убактылуу колдонбой туруу чечими кабыл алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан