Ундун баасын жогорулатып саткандарга карата тийиштүү чара көрүлүүдө

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда ундун баасын негизсиз жогорулаткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 14-март күнү Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун айрым айылдарында ундун баасын негизсиз жогорулатып сатып, жашоочулардын нааразычылыгын туудуруп элди дүрбөлөӊгө салган. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында азык-түлүк сатуучу дүкөндүн ээси 1973-жылы туулган С.Ш. 14-март күнү 19:30 чамасында кампасында сакталып турган 400 кап унду алып келип, 1-сорттогу ундун кабын 1600 сомдон, ал эми жогорку сорттогу ундун кабын 2000 сомдон саткан. Ошол эле айылдын тургуну 1966-жылы туулган С.Б. 100 кап 1-сорттогу ундун кабын 1650 сомдон саткан. Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын жашоочусу 1990-жылы туулган С.Р. 14-март күнү саат 19:30 чамасында 100 каптан ашуун ундун кабын 1680 сомдон саткан. Ноокат районунун Ноокат шаарынын тургуну 1968-жылы туулган К.И. ушул эле күнү 200 каптан ашуун 1-сорттогу ундун кабын 1650 сомдон саткан. Жогоруда аты аталган жарандарды текшерген учурда сатылган ундарга тийиштүү эч кандай документтерин көрсөтө алган эмес, ошондой эле ун сатылган дүкөндөрдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган. Бул жагдайлар Кара-Суу жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alimbek1000
2020-03-16 09:28:24
Камаш керек буга окшогон чыккынчы соодагерлерди.
+13
kechirmeni
2020-03-16 09:30:05
ырас кылат, чала болот.Экинчи кымбаттатпагыдай кылсын
+12
Jaznura
2020-03-16 09:31:12
Мындай абалды өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп кетүүнү каалаган адамдар көбөйдү.Эптеп элди дүрбөлөңгө салып азыр алып койбосоңор кийин мындан да кымбаттап кетет деп алдашат.
+10
robot111
2020-03-16 09:33:03
Кызыл кулактык кылып элдин чочулоосунан акча табууну каалаган акмактарга чон айып салынсын.
+10
kechirmeni
2020-03-16 09:41:30
Озубуздо да да бар, паника кылып
+7
Tolkun555
2020-03-16 09:44:51
Эстегенде тушунон чочуп ойгоно турган кылып штраф салып койгула
+9
kechirmeni
2020-03-16 09:53:59
Оздорунчо умный болуп чек ара жабылды ун келбейт эми дегендерин кантесин
+7
omurbekFCB
2020-03-16 09:55:42
Кайра саткан ундарын сатып алышсын
+6
bond02
2020-03-16 10:03:40
Ошондой кымбат сатып жаткандарды алып жаткан адам видеого тартып алса жакшы болот. Факт керек факт.
+5
AksyKum
2020-03-16 10:17:06
Бизде магазинде товарлар негизи эле кымбат.ушундайдан пайдаланып чалып койсом окшойт .миласы кумшекер 55ден кг,ун биринчи сорт 40сом кг .
+7
madina.87
2020-03-16 10:27:52
Жалан тагалар экен,шариятты жакшы билип түшүнүп туруп кылгандарын
+6
zhykyo
2020-03-16 11:58:14
Бут эле сакал койгондор го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан