Жыл башынан бери дүйнөгө бүлүк салып жаткан коронавирус капсалаңы заманыбызды бир силкинтип, адам аттуунун жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болду. Дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жеткен илдет Кыргыз өлкөсүн дагы кыя өтпөдү. Алсак, элибиз аты жаман илдеттин запкысын тартып жаткан кези.
Заманыбыздын баатырлары дарыгерлер мындай кыйын кезеңде алдыда туруп, көрүнбөс жоо менен күрөшүп, элибиздин ден соолугуна кам көрүп жүргөн чагы. Айлап үй бетин көрбөй, эл кызматында жүрүп, баласын март айынан бери көрө электигин жана аны сагынганын медайым Бегайым Жамгырчиева SUPER.KG порталына айтып берди.
- Саламатсызбы? Качантан бери "кызыл зонада" иштеп жатасыз?
- Саламатчылык. 29-майда Кыргыз-Түрк ооруканасы ачылып, ошол жакта 20 күн иштедик. Андан соң Воронцовкадагы курортологияда 1 апта эс алып, кайра бир апта үй карантининде болдук. 20-июлдан баштап Улуттук госпиталда нейротравматология бөлүмүндө пневмония бөлүмү бар, ошол жакта иштеп жатам. Ал жакта жандандыруу бөлүмүндө эмгектенүүдөмүн.
- Акыркы учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча айтсаңыз. Бейтаптардын кайрылуулары азайдыбы?
- Буюрса, абал өткөндөгүгө салыштырмалуу аябай эле жеңилдеп калды. Өткөндө аябай кыйналганбыз. Азыр кайрылгандар бир аз азайып, бир топ эле жеңилдеп калды.
- Өлкөбүздө эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган чакта күнү-түнү эл кызматында жүрөсүздөр. Бир күндө канча саат иштеп жатасыз?
- Кыргыз-Түрк ооруканасында 6 саат иштеп, 12 саат эс алып жатканбыз. Тамак-аш дагы бир аз начар болуп жаткан. Азыр Кудайга шүгүр, Улуттук госпиталда 6 саат иштеп, 18 саат эс алуудабыз. 3 маал тамак-ашы дагы жакшы.
- Айлык маянаңыздарды өз убагында алып жатасыздарбы?
- Бир аз кечиктирип берип жатат. Бирок сабыр кылып жатабыз.
- "Кызыл зонадан" качан чыгасыз? Андан кийин үйүңүзгө барайын деп турсаңыз керек...
- Буюрса, бир аптадан соң "кызыл зонадан" чыгам. Августтун 3-4үндө чыгып калабыз го. Андан соң анализдерим таза чыкса, буюрса үйүмө, ата-энеме, баламдын жанына барсам деп турам.
- Балаңызды март айынан бери көрө элек экенсиз, аябай сагынган чыгарсыз...
- Баарынан да баламды сагындым, бүгүн ыйладым. Баламды март айынан бери көрө элекмин. Боорум ооруп жатат. Ал азыр айылда. Негизи 6-июлда эмгек өргүүсүнө кетмекмин, медиктердин жетишсиздигинен кайра 20-июлдан баштап "кызыл зонада" иштегенге туура келди.
Балам кечээ (25-июлда) 9 жашка чыкты. Ага туулган күнүндө жаныңда болом деп сөз берип койдум эле. Бирок эмгек өргүүсүнөн чакырып келүү боюнча буйрук чыгып калды. "Кызыл зонага" киреримди, абалды балам түшүнүү менен кабыл алып, унчукпай эле калды.
- Оор кырдаалда сизге дем-күч берген инсандар жөнүндө айтсаңыз.
- Көпчүлүгү туугандар, тааныштар бизди колдоп турушат. Жакшы тамактангыла, өзүңөрдү жакшы карагыла деп сарсанаа болуп, бизге дем-күч беришет.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!