Республиканын калкы негиздүү себептерсиз ары-бери жүрүүлөрдү токтотууга тийиш. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-мартка карата коронавирус инфекциясын жаңы жуктурган 10 адам аныкталды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунан чыккан. Жалпысынан өлкө боюнча 94 адам катталган.
Биринчи вице-премьер баса белгилегендей, коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин күчү жетет, бирок бардык сунуштамаларды жана чектөөлөрдү, тартипти жана жоопкерчиликти тыкыр сактоо зарыл.
Республикалык штаб Кыргыз жарандарын социалдык изоляцияга жана жакындары менен туугандары үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
"Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда калк көчөлөрдө ээн-эркин жүрүүнү улантышууда. Бул инфекциянын жайылышын шарттаган көйгөйлүү маселелердин бири. Бардык чектөөлөрдү аткаруу кажет. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз. Учурда социалдык изоляция жана үй карантини маанилүү. Калктын аярлуу катмарларынын абалы да олуттуу маселе болуп саналат. Нанды күнүмдүк эмгеги менен иштеп тапкан жарандар бүгүнкү күнү үйдө отурууга мажбур, азык-түлүгү түгөнүүдө. Мындай категориядагы жарандар үчүн социалдык жардам көрсөтүлөт, ун берилет. Өкмөттүн кризиске каршы планы иштелип чыкты. Медицина кызматкерлери зарыл болгон бардык нерселер, кошумча төлөмдөр, унаа, уруксат, тамак-аш, атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Дары-дармектер, тест системдер бар", - деди Кубатбек Боронов.
Жыйында белгиленгендей, борбор калаанын комендатурасынын ишин, өткөрмө кагаздарды берүүнү иреттештирүү маанилүү. Шаарда күндүзгү күзөт күчөтүлдү. Үй карантинин сактоо жана коронавирустун жайылуусуна байланыштуу башка маселелерди кармануу боюнча киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары күчөтүлөт.
Зарыл дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоо маселелерине зор көңүл бурулду. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окуянын ар түрдүү өнүгүшүнө даяр турууга тийиш.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандарга дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды.
Бул аптада бардык эл аралык, анын ичинде Орусиядан келүүчү каттамдар токтотулду.
Ыкчам штаб баса көрсөткөндөй, коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсептерге түшкөн жана түшүп жаткан бардык акча каражаттары ачык-айкын бөлүштүрүлөт. www.help.covid.kg онлайн ресурсунда түшкөн каражаттардын көлөмү, аларды жумшоо багыттары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары сайтка келип жаткан гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, товарлар, дары-дармектер, жабдуулар тууралуу маалымат жайгаштырылмакчы.
Биринчи вице-премьер бюджеттик уюмдарда өзгөчө керек болгон гана кызматкерлерди иштетип, калгандарын үйүнө коё берүү зарылдыгын кайрадан эскертти. Жеке түзүмдөр үчүн дагы ушундай эле сунуштар берилди.