Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алмасбек Акматов "Казакстан чек арасын жаптыбы?" деп сурады.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Эльнура Мамбетжунушева бүгүн саат 8:00дөн баштап автоунааларга чектөөлөр киргизилгенин айтты. Ал эми темир жолго чектөө киргизилбегенин билдирди.
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов эки өлкөнүн премьер-министрлер сүйлөшкөнүн эскертти. "Максималдуу түрдө чек араларды ачып коюу максатында иштерди жүргүзөбүз деген эки премьер-министрдин макулдашуусу бар. Такташыбыз керек. Жүктөрдү киргизүүгө тосколдуктарды койбойбуз деген маалыматтар бар. Жабылды же жабылган жок деп так айтканга болбойт. Бүгүн маалыматты тактап, сизге берип коёбуз", - дейт Боронов.
Депутат бул маселе боюнча так жооп берүүнү сунуштады.