"Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавируска каршы күрөшө турган 98 дарыгер өмүрү менен күрөшүп калды", - деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Урматтуу жана кээ бир менин урматсыз кесиптештерим, ушундай улуу күнү уят ишке барбасаңар болот эле. Ушул өкмөткө бооруңар ачып, жан тартып жатасыңар, карапайым калкка деле жаныңар ачып койбойбу. Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавируска каршы күрөшө турган 98 дарыгер өмүрү менен күрөшүп калды. Дарыгерлер ыйлап жатат. Ыйлаган дарыгерлерди кечирим суратып жатасыңар, убакыт келет баарыңар элдин алдында кечирим сурайсыңар. Чындык ушул. Өзүңөр "киргизка" деген кыздарга сөктүртүп жатасыңар. Урматтуу депутаттар, биз жыйынды токтотпой коронавирусту токтотолу", - деди депутат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жооп берүүдөн качпаганын айтты. "Биз жооп берүүдөн качпайбыз. Биз чогулуп отуруп бирөөнү күнөөлөбөй, коронавирусту жеңгенге аракет кылалы", - деди Боронов.