Дезинфекциялоочу тоннель биринчилерден болуп Ош ШИИБине орнотулду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дезинфекциялоочу тоннель орнотулду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эртең мененки кызмат алдындагы тизилүүгө Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келди. Анда шаар башчысы кызматкерлердин бүгүнкү оор кырдаалда иштеп жаткандыктарына ыраазычылык билдирип коюу үчүн келгендигин айткан.

Ал башкармалыкка көп ирет колдонууга мүмкүн боло турган 200 даана коргоочу атайын кийимдерди, 5 миң даана медициналык бет каптарды тапшырды. Түштөн кийин дагы кошумча 200 даана алып келинет.

Бүгүндөн баштап Ош ШИИБинде дезинфекциялык тоннель иштей баштайт. Бул жабдуу адам кыймылына жараша иштеп, кызматкер кирген учурда дезинфекциялоочу каражат чачып турат. Мындан ары ар бир кызматкерге кызматка чыгаарда жана кезектеги нөөмөттөн келген соң бул аппараттан пайдалануу милдеттендирилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан