Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт ундун баасына мамлекеттик көзөмөл орнотула турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал өкмөт ундун баасын көзөмөлдөөнү колго алып, тийиштүү токтом даярдап жатканын белгиледи. Анын айтымында, чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунда көзөмөл күчөтүлөт.
Дем алыш күндөрү айрым жерлерде ундун баасы өсүп кеткен.