Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы орунда турган дарыгерлердин эмгегин баса белгилеп, өлкө коронавирус инфекциясын жеңгенин жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз аман калды. Биз бүгүнкү күндө бул ооруну жеңдик деп айта алабыз. Бирок коронавируска каршы күрөшүү деңгээлин төмөндөтпөйбүз", - деген Лукашенко.
Мындан тышкары президент коронавирус инфекциясын толугу менен жеңгенден кийин, дарыгерлер менен өзүнчө жолугушуу болот деп убада кылды.
Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 62 миң 424 адамдан аныкталды. 398 адам каза болсо, 47 миң 553 бейтап айыгып чыкты.