Депутат тийиштүү комитеттин жыйынында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселени кароо сунушун киргизди

Депутат Кенжебек Бокоев тийиштүү комитеттин жыйынында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселени кароо сунушун киргизди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Казакстан чек арасын жаап алгандыктан, азыр биздин алдыбызда ун жетеби-жетпейби деген маселе турат. Бул биз үчүн өтө маанилүү маселе, сөзсүз карашыбыз керек", - деди ал.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчёту каралып, колдоо тапты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан