Депутат Сайдулла Нышанов коронавирус жуктургандар буга чейин кайсы жакта болгону боюнча так маалымат берилбей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эмне үчүн коронавирус жуктургандар буга чейин кайсы жакта болгонун так көрсөтпөй жатасыздар? Ал карантинде беле, обсервацияда жаткан беле же көчөдөн кармап келдиңерби? Ушул боюнча маалымат жыйында айтып туруш керек. Эл билиши керек да. Жанындагы адамдар да этият болот эле да", - дейт Нышанов.
Саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер Сабиржан Абдикаримов бул маселени республикалык штаб менен чечип туруп, маалымат бериле турганын айтты.