30 миң эмес, миллион. Германия "Sputnik V" вакцинасын ири көлөмдө сатып алууну пландап жатат

Германиянын Саксония федералдык аймагынын премьер-министри "Sputnik V" вакцинасынын 30 миллион дозасын сатып алууну пландап жаткандыгын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Европалык дары-дармек агенттиги (EMA) колдонууга уруксат берсе вакцина жай мезгилинде үч этап менен сатып алынат.
"Июнь, июль жана август айларында "Sputnik V" вакцинасын үч эсе 10 миллион дозасын сатып алгыбыз келет. Бул Германияда эмдөө ылдамдыгын тездетүү үчүн дагы бир каражат болуп саналат", - деп билдирген премьер-министр.
Мындай кырдаалда, эгер дары-дармек аймакта жактырылса, Саксония республикасы 500 миң же андан көп доза алат. Сатып алуу маселесин Германиянын федералдык өкмөтү чечет.
Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркель Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн чечимине карабастан Германиянын "Sputnik V" вакцинасын көз карандысыз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берген.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан