Сокулукта таксисттин жансыз денеси табылды

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Белек айылында таксист болуп иштеген жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районуна караштуу Белек айылында 12-март күнү кебетеси азиялык болгон жашы болжолдуу 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери бар болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Териштирүү иштеринде маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 24-жаштагы А.Ж. аттуу жаран болгон. Ал Бишкек шаарындагы такси кызматтардын биринде иштегени аныкталган. Ал эми маркумдун унаасын Ленин РИИБинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен табышкан. Унаада тактар бар болгон. Учурда милиция кызматкерлери шектүү жарандарды кармоо иш-чараларын көрүүдө. Ошондой эле тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2020-03-16 18:05:04
Жайы жаннаттан болсун. Адам олтургондор кармалып жазасын алышсын.
+5
timoha81
2020-03-16 20:02:12
Эшек айбандарды атыш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан