Бүгүн, 16-мартка карата Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 10го жетти. Маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди деп жазышат казак басылмалары.
Маалым болгондой, коронавирус менен жабыркаган аял 1986-жылы туулган. Ал 15-мартта Стамбул-Алматы каттамы менен өлкөгө келген.
Казакстанда жалпысынан 10 жарандан коронавирус аныкталган, алардын арасында 2008-жылы туулган өспүрүм да бар.