Акыркы сутка ичинде республика боюнча дагы 1264 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Муну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 25 миң 47 болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 506;
Ош – 61;
Чүй облусу – 181;
Ош облусу – 138;
Талас облусу – 88;
Нарын облусу – 29;
Ысык-Көл облусу – 100;
Жалал-Абад облусу – 113;
Баткен облусу – 48.
Стационарда – 4345, алардын ичинен реанимацияда – 70, оор абалда – 1402, ооруканадан чыгарылды – 4495, айыгып үй карантининен чыгарылды – 2742.
16-июлда вице-премьер Аида Исмаилова коронавирус жана пневмония боюнча статистика бириктириле турганын айткан, эртеси 17-июлдан тартып эки оорунун статистикасы чогуу бериле баштады.