Финансы министри: "Бюджетти үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда"

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-мартта финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча ушул жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85 пайыздын айланасын түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Быйылкы жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджетти аткаруу 96 пайызды түзгөндүгүн маалымдады.

Бактыгүл Жээнбаева белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда. Чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзөтүлгөндүгүн айтты. Бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кырдаал турукташканга чейин артыкчылык берилбеген чыгашаларды кыскартуунун эсебинен бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү сунуштамалары берилди. Ошондой эле ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы институттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтар менен чакырыктарга даяр болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Кырдаал региондо жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду. Ошону менен бирге үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбошу керектигин айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан эмгек акыларды, жөлөк пулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер аткарылышы зарылдыгын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан