Эльвира Сурабалдиева: "Өлкөдө калктын болжол менен 80 пайызы акысыз эмдөөдөн өтөт"

Өкмөт калктын 80 пайызын акысыз эмдөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Pfizer вакцинасын COVAX тутуму боюнча бекер алат.

"COVAX'тын алкагында биз 1 миллион 200 кишиге ылайыкташкан дозаны бекер алабыз. Мындан тышкары бюджеттен акча бөлүп калктын 80 пайызына эмдөө жүргүзүүнү пландап жатабыз. Бирок азыр дүйнөдөгү бардык вакциналар үчүн кезек бар. Июнь айына чейин вакциналардын дагы бир түрүн ала албайбыз", - деп түшүндүрдү Эльвира Сурабалдиева.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусия Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы 500 миң доза вакцина берүүнү көздөп жаткандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-01-21 21:15:05
Өзуң өтөсүң биринчи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан