Биз социалдык тармакта

Өлкөдө эмдөөнүн биринчи дозасын алгандардын саны 318 миңге жетти

Кыргыз өлкөсүндө эмдөөнүн биринчи дозасын алгандардын саны 318 миңге жеткенин жана экинчи дозасын алгандардын саны 104 миңге жакын экенин бүгүн, 23-июлда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы массалык эмдөө 11-июлдан бери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи дозасы менен 318 миң адам, экинчи дозасы менен 103 миң 941 адам эмдөөдөн өттү. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугу үчүн эмдөөдөн өтүңүздөр", - деди Жалалидин Рахматуллаев.

Ал өлкөдө 847 эмдөө борбору уюштурулгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле Рахматуллаев санитардык ченемдерди сактоо жөнүндө эскертти: "Бет кап кийип, колду дайыма жууп, антисептик колдонуп, аралыкты сактаңыз, ачык абалда болуңуз, эл көп чогулган жерлерге жана тойго барбаңыз", - деди министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан