Бүгүн, 27-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 32 миллион 747 миң 374 болду. Анын ичинен 22 миллион 615 миң 494 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 992 миң 984 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 77 миң 485 адамдан коронавирус аныкталды. 204 миң 485 адам каза болсо, 2 миллион 750 миң 459 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 903 миң 932 адамдан аныкталды. 93 миң 379 адам каза болсо, 4 миллион 849 миң 584 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 717миң 991 адам вируска кабылган. 141 миң 406 бейтап көз жумса, 4 миллион 153 миң 307 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.