Бүгүн, 17-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйын берип, журналисттердин суроосуна жооп берди.
Коронавируска байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө кандай учурда өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн деген суроого вице-премьер өзгөчө кырдаал масштабдуулугуна жараша республикалык, облустук жана райондук болуп бөлүнөрүн белгилеп өттү.
"Эгер өлкөнүн кайсы бир районунда коронавирус жуктурган учур катталса, ал райондо өзгөчө кырдаал жарыяланат. Ал аймак чектөөгө алынат. Эгер бир эле маалда өлкөнүн бир нече облустарында же райондорунда катталса, анда бүтүндөй мамлекеттин аймагына өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз болот. Эгер коронавирус жуктурган бир эле адам ар кайсы аймактагы адамдар менен контакт болгону аныкталса, ал учурда дагы өзгөчө кырдаал жарыяланат", - деп жооп берди вице-премьер.