Бишкек шаарында мектеп жана бала бакчаларда иштеген кызматкерлердин ичинен 12 адам коронавирус менен пневмония оорусунан каза болду (тизме)

Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин ичинен коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 12 кызматкер көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриядан билдиришти.

"Сovid-19 жана пневмония оорусунан ондогон кесиптештерибизден айрылдык. Алар билим берүү тармагына зор салымын кошкон, өмүрлөрүн келечек муундарын тарбиялоого, билим берүүгө арнаган асыл адамдар эле. Кесиптештерибиздин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы кабыргабызды кайыштырып турат. Оорудан көз жумган кесиптештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Коронавирус жана пневмониядан каза болгон кызматкерлердин тизмеси:

1. №78 мектеп гимназиясынын директору Музаева Эльнура Турдукуловна;

2. №148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;

3. №55 орто мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары Камбар Казаков;

4. №61 Автордук окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;

5. №69 окуу-тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;

6. №64 мектеп гимназиясынын физика мугалими Калдымолдоева Укен Жолдошевна;

7. №9 мектеп гимназиясынын биология жана химия мугалими Айзирек Токтосунова;

8. №13 мектеп гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Осмонгазиева Айдай Моңолдоровна;

9. №118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;

10. №10 бала бакчанын кызматчысы Тюлегенова Тынатин;

11. №10 бала бакчанын кызматчысы Ашырова Айзада Тентиевна;

12. №164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан