Бишкекте дагы бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатры коронавирус жуктуруп алган

Бишкектеги дагы бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Учурда бейтаптан кайталанып алынган анализ оорунун белгилери жок экенин тастыктаганын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Маалым болгондой, 28-майда №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатр дарыгеринен илдет аныкталган.

"Кызматкердин кайнагасынан коронавирус инфекциясы аныкталган. Мындан улам ал оорулуу менен байланышта болгон делинип, текшерүүдөн өткөндө вирустун белгилери аныкталган. Учурда кызматкердин абалы канааттандырарлык, андан кайталанып алынган тесттин жыйынтыгы оорунун белгилери жок деп чыкты. Дагы бир тест алынгандан кийин бейтап ооруканадан чыгарылат", - деди Исмаилова.

Аталган борбордун башка кызматкерлеринен илдет аныкталган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан