Биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасына чектөө белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришет.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 жана 2-сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.
Облустар жана шаарлар |
1-сорт |
2-сорт |
||
дүңүнөн |
чекене |
дүңүнөн |
чекене |
|
Бишкек шаары |
28,0 |
29,0 |
20,0 |
22,0 |
Чүй облусу |
28,0 |
29,0 |
20,0 |
22,0 |
Ысык-Көл облусу |
28,0 |
30,0 |
20,0 |
22,0 |
Талас облусу |
31,0 |
21,0 |
||
Нарын облусу |
30,0 |
24,0 |
||
Жалал-Абад облусу |
30,0 |
31,0 |
22,0 |
23,0 |
Баткен облусу |
29,0 |
31,0 |
21,0 |
23,0 |
Ош облусу |
29,0 |
31,0 |
21,0 |
23,0 |
Ош шаары |
29,0 |
31,0 |
21,0 |
23,0 |
"Соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт. Чектөөнү бузгандар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылат маалыматта
Жакынкы арада кумшекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталары кошумчаланды.