Коронавирустун экинчи толкуну аймактарда өзүнүн кулачын кеңири жайууда. Эпидемиологиялык абалдын жер-жерлерде курч экенин социалдык тармактын колдонуучулары билдиришүүдө.
Алсак, окурман тарабынан интернетке видео жарыяланган. Анда автор коронавирус инфекциясынан каза болгон жаранды жерге берейин деп жаткан учурду тартып, биринин сөөгү жерге берилип жатса, экинчисине көр казылууда дейт.
"Бүгүн, 28-октябрь. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында маркумдун сөөгүн жерге берейин деп жатабыз. Бул жерде дагы бир жайды даярдап коюшуптур, андан бир аз арыраак жакта жай казылып жатат. Туугандар, көчөгө көп чыкпагыла. Гүлчөдөгү тургундардын 60 пайызы коронавирус инфекциясы менен жабыркап жатат. Бирок көбү ооруп жатканын билишпейт. Ишиң болбосо көчөгө чыкпа, базарга барба, той өткөрбө, барба. Жакыныңардын жаназасына деле барбай койсоңор эч ким капа болбойт азыр. Ар ким өзүнө сак болушу керек, ар кандай оорусу барлардын дарты козголуп, улуу курактагылар бул дүйнөдөн өтүп кетип жатат", - деп айткан видеонун автору.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен негизи эле сентябрь айына салыштырмалуу октябрь айында ооруну жуктуруп алгандар көп катталып жатканын айтты.