Бүгүнкү күндө Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын саны 77ге жетсе, айыгып чыккандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаарда ооругандардын саны көп болуп жатканына карабастан, Нарын шаарынын кире беришине коюлган санитардык-карантиндик постторго Нарын районунун тургундары абдан көп келип, оору жугузуп алуу коркунучун жаратышууда.
"Нарын облусунда жалгыз гана Ак-Талаа районунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган учур каттала элек болчу. Берилген эскертүүлөргө баш ийбей жатышып, ал районго да вирус жетти. Алар Нарын шаарына келип вирус жуктуруп алышкан. Мындан улам берилген эскертүүлөрдү туура кабыл алып, ооруну оюн көрбөй сак бололу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.