Өзбекстанда карантиндик режим 1-августка чейин узартылды. Мындай чечимди өлкөнүн республикалык атайын комиссиясы кабыл алды деп жазышат коңшу өлкөнүн басылмалары.Ал эми 1-августтан тарта мектепке чейинки билим берүү жайлары ишке киришери айтылат маалыматта.
Карантиндин мөөнөтү узартылганына карабай, коңшу өлкө эпидемиологиялык абал туруктуу делинген Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Израиль өлкөлөрү менен аба каттамдарын 15-июндан баштап жандантат.