13-мартка карата Сауд Арабиясынан 651 адам Кыргыз өлкөсүнө келген. Алар кичи ажылык зыяратынан келгенин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы департаментинин директору Бахтияр Шакиров 13-мартта өткөн жыйында билдирген.
Анда Кыргыз жарандары коронавирустан улам өз убагында өлкөгө кайта алышпагандыгы айтылган. "Бул маселе дипломатиялык каналдар менен чечилип, өлкөгө 651 адам учак менен келишкен. Дагы 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиясында калган, алар дарыгердин көзөмөлүндө. Сауд Арабиясында калгандар улгайыңкы курактагылар, бир аз сыркоолоп калышкан. Биз экинчи этапта аларды алып келебиз", - деген Шакиров.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ошол жыйында "Манас" аэропортуна 290 адам, "Ош" аэропортуна 300гө чукул адам келгенин кабарлаган. Өлкөгө келгендер үй карантинине алынып, дарыгерлер көзөмөлдөп жатышканын кошумчалаган.
Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкен. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди.