Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө старт алгандан бери жалпы 86 миң 72 адам вакцина алды. Мындай статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.
4-июнга карата республика боюнча 86 миң 72 адам эмделсе, анын ичинен 40 миң 294ү экинчи дозаны алып жетишти.