Орусияда карантин убактысын 12-майга чейин узартуу сунушталды. Мындай демилгени "Микроб" илим изилдөө институтунун жетекчиси Владимир Кутырев көтөрүп чыккан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай пикирин институт жетекчиси вице-премьер Татьяна Голикова менен өткөн жыйында айткан.
"Адистерде коронавирустан улам киргизилген изоляция режимин өлкөдө 12-майга чейин узартуу керек деген ой пайда болду. Бул жакшы жыйынтык көрсөтөт", - деген Кутырев.
Жыйындын соңунда вице-премьер чектөө чараларын узартуу боюнча сунушун президент жана өкмөт башчыга жеткирип барарын убадалаган.
Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 68 миңден ашты. Анын ичинен 5 миңден ашыгы айыкса, 615и көз жумган.