Кечээ, 9-апрель күнү барар жери жок жалгыз бой аял кызы менен адаптациялык борборго баргандыгын жана ал жакта аялды "библия оку, окубасаң чыгып кет" деп айтышканын билдирген. Бүгүн эртең менен арызданган айым борбордун жетекчилиги аны кызы менен көчөгө чыгарып койгонун айткан. Окуя орун алган жерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү барып, борборго текшерүү жүргүзүшкөнүн SUPER.KG порталына маалымдашты.
- Үмүт аттуу жарандын видеокайрылуусу боюнча бүгүн, 10-апрель күнү "Сүйүү колдору" ("Руки любви") адаптациялык бирикмесине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери менен чогуу укук коргоо органдары, Свердлов райондук администрациясы барып, териштирүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында бирикме 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнү жана уставга ылайык иш алып барары аныкталды. Бирикменин негизги максаты турмуш-шарты оор адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө багытталган жана жарандарды кабыл алууга шарты жакшы экенине күбө болдук.
Ал эми окуя боюнча айтсак, бирикменин жетекчилери башка диндин өкүлдөрү болгондуктан, өздөрүнүн диний муктаждыктарын канааттандыруу максатында руханий дүйнөсүн азыктандырып турушат экен. Үмүт айым менен чогуу жашаган аялдар менен сүйлөшкөндө аларды эч ким мажбурлабастыгын билдиришти. Ошентсе да аталган бирикме диний уюм эмес болгондуктан диний иш-аракетти уюштурууга укугу жок. Кызматкерлердин баарынан түшүнүк кат алынып, бетме-бет сүйлөшүүлөр болду. Ошондуктан бирикме мамлекеттик органдар тарабынан катуу көзөмөлгө алынды. Мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн эскертүү берилди.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Үмүт айым менен кызына жугуштуу оору жугуп калуусунун алдын алуу максатында мамлекеттик тийиштүү кызматкерлер жайгаштыруу боюнча иш алып барышат.