Бүгүн, 18-мартта Ош шаарынын мэриясында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана вируска каршы күрөшүү чарасы боюнча жыйын болуп өттү. Анда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарында кандай чаралар көрүлүп баштаганы тууралуу айтылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө медициналык каражаттардан жардам берүү максатында 500 миң сом бөлүп беребиз. Мүмкүнчүлүгү барларды мындай учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырабыз. Ошондой эле мындан ары Ош шаарында коронавируска байланыштуу ресторандарда той өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат", - деп жазылат маалыматта.
Коронавирус чуусунан улам Ош шаарында азык-түлүк тартыш болгону тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланууда. Бул маселе боюнча шаардык мэрия Ош шаарына 140 тонна ун келгенин билдирди.