Бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков журналисттер үчүн маалымат жыйын берип жатат.
Исаковдун айтуусунда, бүгүнкү күндө обсервацияда жаткандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына жана шаардын четиндеги жайларга жайгаштырылган.
"Обсервацияга жаткандардын саны боюнча кийинки орунда Ош облусу. Айта кетүүчү нерсе, 2-3-4-мартта Сауд Арабиядан келгендер карантинге жаткырылган эмес. 13-марттан баштап ал жактан учуп келгендерден анализ алынып, карантинге жаткырыла баштады. Сауд Арабиядан башка мамлекеттерден келип, карантинге алынгандардын арасында аткаминерлердин жана депутаттардын жакындары бар. Биз эч кимди бөлбөстөн, бардыгын текшерүүгө алып, карантинге жаткыруудабыз", - дейт Исаков