Нарын ОИИБи коронавирус илдетине каршы туруу жана анын алдын алуу максатында бир катар иш-чараларды уюштурду

Нарын ОИИБинин жана анын жер-жерлердеги шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн акыркы убакта дүйнө жүзүндө тездик менен тарап жаткан коронавирус илдетине каршы туруу жана анын алдын алуу максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын ОИИБинин кызматкерлери жана суткага туруп жаткан ыкчам-тергөө тобунун курамындагы кызматкерлер окуя болгон жерге чыгуу мезгилинде колдонулуучу бет кап, кол кап жана колду дезинфекциялоочу курамында спирт аралашмасы бар суюктуктар менен камсыз болушту.

Ошондой эле башкармалыктын административдик имаратынын ичиндеги бөлмөлөрдүн ичин Нарын облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан