Коронавирустан каза болгон Казак жараны поезд менен кудалыкка барган

26-мартта Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардан биринчи өлүм катталды. Каза болгон жаран аял киши экени кабарланган. Вируска чалдыккан аял Акмола облусунун Косшы айылынын 64 жаштагы тургуну болгон.

Акмола облусунун акими Ермек Маржикбаев каза болгон аял ооруканага жаткырылганга чейин кудалыкка барып келгенин билдирет.

"Маркум Алматыга кудалыкка барып келген. Андан кийин Шу районуна конокко барган. Ал аталган аймактарга поезд менен барганы белгилүү болду.

Бейтапты 25-мартта туугандары ооруканага алып келишкен. Эртеси күнү ал коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталган", - деп билдирген аким.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтап интенсивдүү дарыланууда жатканына карабай каза болгонун маалымдашты.

"Маркумга эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, дем алуусу начар болуп жаткан. Мындан тышкары ал кант диабети, атеросклероз оорулары менен жабыркай турганы аныкталды. Анын өлүмүнүн себеби пневмония оорусу коронавирустан улам күчөп кеткен", - деп билдиришет министрликтен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан