Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында "лөлү тектүүлөрдүн айылында абал кандай. Аларга дагы азык-түлүк берилдиби? Алар күнүмдүк тамагын табуу үчүн эле топ-тобу менен тиричилик кылып келишкен" деген суроо берилди.
Буга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев төмөндөгүдөй жооп берди.
"Албетте, ар бир айыл көз жаздымда калган жок. Калкыбыздын ар кандай катмарлары менен иштеп жатабыз. Аларга дагы жардам берилип жатат. Лөлү тектүүлөрдүн өздөрүнүн айыл башчылары бар. Алар дагы учурдагы абалды түшүнүү менен туура кабыл алып жатышат. Кыйналгандардын каттоосуна карабастан жардам берилип жатат", - дейт Узарбек Жылкыбаев.
Мындан тышкары Ош облусунда 28 миң үй-бүлө аярлуу катмарга кире тургандыгы кошумчаланды.