Немис окумуштуулары кандай адамдарда CoViD-19 вирусуна каршы иммунитет бар экенин айтып чыгышты

Немис окумуштуулары кандай адамдарда CoViD-19га каршы иммунитет болуусу мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, мурун коронавирустун ар кандай түрүн жуктуруп алган адамдарда жаңы чыккан CoViD-19га каршы иммунитет болуусу мүмкүн. Окумуштуулар жаңы вирус менен ооругандардын жана оорубаган адамдардын Т-клеткаларын изилдешкен.

"Адамдардан Т-клеткалары пандемияга чейин алынган. Бирок алардын 34 пайызында SARS-CoV-2 вирусу менен эч кандай контакт болгонуна карабастан, Т-клеткалар реактивдүү болгону аныкталган", - деп билдирген вирусолог Кристиан Дростен.

Муну менен вирусолог аталган жыйынтыктар адамдар мурун коронавирус чакырган ар кандай илдет менен ооруганы тууралуу кабар берерин айткан.

Окумуштуулар бул жыйынтыктар менен кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес экендигин жана жер жүзүндөгү адамдардын үчтөн бир бөлүгүнүн жаңы коронавируска каршы антителалары жок экендигин кошумчалашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
010288
2020-04-26 12:19:10
Окумуштуулар чачаттынар ар нерсени бир айтып.Болуусу мумукун дегенди чыгарбайле койшулачы.
-1
zamir_kgz
2020-04-26 12:45:52
Короновирус менен тамактана турган майда микробдорду изилдеп табыш керек, ошондо вирустарды жеп жок кылат. Мисалы мал чоп жейт - адам мал жейт - адамды жер жейт - жерди чоп жейт - ушул сыяктуу.Жаратылышта ар бир нерсенин оз орду бар,бул вирустун пайда - зыянын байкап жатсанар керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан