Нарын облусу боюнча жалпы ооругандардын саны 75 адам болсо, анын ичинен 57си Ат-Башы районунан. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ат- Башы районунда оору аныкталган айылдар:
Ача Кайыңды айылы - 24 адам;
Ат-Башы айылы - 16 адам;
Терек-Суу айылы - 4 адам;
Казыбек айылы - 1 адам;
Ак-Жар айылы - 3 адам;
Ак Муз айылы - 2 адам;
Биринчи Май айылы боюнча - 4 адам;
Бирлик айылында - 3 адам.
"Ат-Башыда жарандар бир айылдан экинчи айылга өтпөшү үчүн 19 айылга 110 милиция кызматкери бөлүнүп иш алып барышууда. Алар бардык коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Бир гана Ат-Башы району эмес, жалпы Нарын облусу боюнча коргоочу кийимдер, медициналык бет каптар жана антисептикалык каражаттар жетиштүү", - деди комендант.