Умра сапарынан келгендер 2 миңдей жаран менен байланышкан болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты. Буга министрдин орун басары кыргыздагы умра сапарынан келгендердин ал-абалын сурап, учурашуу жөрөлгөсүн мисал кылды.
"Мисалы, бир айылдын тургуну Сауд Арабияга барып сыйынып келсе, анын үйүнө айылдаштары келип, учурашып, абалын сурап, колун кармап кетүүгө аракет кылышат. Анткени ал ыйык жерден келди деп билишет. Ушундай эле аракеттерди жасагандарды биз умра сапарынан келгендер менен байланыш кылган деп айтып жатабыз. Алар менен тыгыз байланышта жүргөндөр дароо карантинге алынды, жөн эле учурашып кеткендерден дарыгерлер кабар алып, байланышып турушат", - деди ал.
17-марттан 18-мартка караган түнү дүйнөгө тарап жаткан коронавирус илдети өлкөдө аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан умрадан келген сузактык тургундар экендиги маалым болгон. Коронавирус жуктурганы аныкталган адамдардын бири сапардан кайтып келип ажы той бергендиги да жазылган.