Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Үймө-үй кыдырып жаткан кызматкерлерден документ талап кылуу керек"

Үймө-үй кыдырып жаткан кызматкерлерден сөзсүз түрдө документтерин талап кылыш керек экенин бүгүнкү онлайн жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Медициналык кызматкерлер азыркы тапта үймө-үй кыдырып, иш алып баргандыктан, алардын атын жамынган алдамчылар пайда болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган.

Бул учурда өзгөчө улгайган адамдар жапа чегиши ыктымал. Андыктан тактап кетели, медкызматкерлер кварталдык комиттердин өкүлдөрү менен бирге кыдырышат жана алардын жанында сөзсүз документтери болуш керек. Бир гана документин көрсөткөн учурда, медкызматкер менен сүйлөшүү жүргүзүлөт”,
- деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан