Бүгүн, 10-июнда Түштүк Кореядан 12 Кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди. Алардын өлкөгө кайтуусуна Казакстан көмөк көрсөттү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекендештер чартердик учак менен Казакстандын Алматы шаарына келишти. Андан кийин атайын транспорт менен Бишкекке алып келинди. Өлкөгө кайтып келген жарандар обсервацияга жаткырылды.