Бүгүн, 6-сентябрга карата өлкөдө COVID-19 илдети 109 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 36 адамдан илдет аныкталды.
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 31;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 1.
Республика боюнча жалпы 176 миң 582 адам коронавирус илдетине кабылган.