Республикалык штабдын сунушу менен Кыргыз өлкөсүндөгү балдар бакчалары ишин токтотот. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 20-марттан тартып өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланган.