Бүгүн, 25-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйында Ноокат районунда ооруган адамдар азая баштаганы жана ооруканада жаткандар айыгып чыгып жатышканы айтылды. Мындан тышкары комендантка "30-апрелден баштап Бишкекте унаа оңдоочу, желимдөөчү жайлар жана такси кызматы ишке кирет деп айтылды, Ошто бул абал кандай жөнгө салынат?" деген суроо узатылды.
"Өлкө боюнча кандай буйрук чыкпасын, ал бардыгына бирдей иштейт. Бир гана айрым жерлерде өзгөчө абал киргизилсе, айрым жерлерде өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Өзгөчө кырдаал жарыяланган жерде комендантура жок, башкача айтканда коменданттык саат киргизилген эмес. Бул аймактарда абал жеңилдетилиши мүмкүн. Бирок өзгөчө абал кирген жерлерде күчөтүлгөн тартип сакталат деп ачык эле айтайын. Себеби илдет менен күрөшүүнүн бир жолу тартипти бекем сактап, изоляцияда болуу экенин айтып келе жатабыз. Мындай мезгилде калк, медицина кызматкерлери жана укук коргоо органдары бир катарда туруп күрөшүш керек", - деп жооп берди комендант.