Оштогу умрадан келген жарандардын окуясы. Кайрылуудан кийин алар башка обсервацияга которулду

Ош шаарынын №7 бейтапканага жаткырылган жарандар карантинде кармоо шарттарына арызданышкандан кийин башка обсервацияга которулду. Бул боюнча Ош шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча атайын штабдын мүчөсү, Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын дарыгери Кайрат Абжалов маалымат берди.

Анын айтымында, бейтаптар бардык зарыл шарттар түзүлгөн башка обсервацияга жаткырылды. Аларга тынымсыз кам көрүлүп, күнүнө 4 жолу медициналык бет кап жана антисептикалык каражаттар менен камсыз болушат. Бейтаптарга кезек менен жугуштуу оорулар дарыгери, медайым жана санитаркалар кам көрүшөт.

Буга чейин ыкчам карантинге алууда даярдалган обсервация жайларына жаткырылган эле. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тарап кеткен видеодон кийин тиешелүү жетекчилерге ар бир жаткырылган жаранга кайдыгер карабоо тапшырмасын берип, өз көзөмөлүндө болорун айтты.

Эске салсак, кечээ, 18-март күнү Ош шаарында умрадан келип обсервацияга алынган жарандар алар жаткан жерде шарттын жоктугу жана эч ким кабар албай жаткандыгы тууралуу айтып нааразы болгон видео социалдык тармакка тараган эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
rysik79
2020-03-19 07:53:16
Аты жаман вирусту жениш учун мамлекетттин жакшы конул буруусу да абдан зарыл. Буйруса женебиз.
+11
Eldico
2020-03-19 07:58:26
Карантин го карантин баары жабылып, кредит тологондорчу? Мамлекеттик мекемелердегилер эптештирип толоор жеке жактагыларчы? Кредитти да убактылуу токтотушпайбы.
+16
bond02
2020-03-19 09:06:06
Eldico,Монголияны айтып жатат окшойсун.
0
tatynam_88
2020-03-19 13:17:14
Eldico,3айга узартуу каралып жатат деп жазыптыр го.ошентишээр эми.
+1
Eldico
2020-03-19 16:52:58
tatynam_88,рахмат! Ооба 18 улуттук банк тарабынан кол кюлган- деген божомол бар.
0
nazira1989
2020-03-19 08:08:30
Жалал-Абаддагы изоляцияга алынгандар кайсыл мекемеде жатышат?Ушуну да жакшылаап билип бергилечи?
+7
Jelezo
2020-03-19 09:41:36
nazira1989, барып учурашып келесиңби
-3
nazira1989
2020-03-19 15:02:08
Jelezo,аларды карап жатабы,же условиясы жок жерде жатабы,ким козомолдоп жатат,тамак ашы барбы,бизге окшогон,Кудайдан корккон эле пенделер жатат.Шарт тузулдубу,же алар да куугунда жургондой болуп жатышабы деген ой да...
+2
aida007
2020-03-19 08:17:03
Бул Оштогу гостиницаго
+3
Nurba18
2020-03-19 09:33:12
aida007, gostinisalardy jakwy bilet okwoisun e )))))
+3
Saidochka
2020-03-19 08:17:22
Мамлекет үчүн иш бүтүрүп келишкенсип, догурунуп атып, комфортко көчүп жандары тыныппы?
+18
tatynam_88
2020-03-19 13:18:42
Saidochka,мынча ичинер тар,биз эле ушинтип жектеп,жактап жатабызбы.атайын жуктуруп келбеди да.чогуу женишибиз керек го.
+1
nazira1989
2020-03-19 15:05:03
Saidochka,ай Кудай сактасын дегилечи,сага,мага окшогон,эжелер,апалар,агалар,аталар баргандыр.Тооба деп,ичти кенээн таштай береличи.
+2
Aikaaaa
2020-03-19 08:26:16
Эки жака чачкан акчаларын ушундай жетишпеген, муктаж болгон жерге, оңдоп түзөөгө беришпейт беле, элдин баарын ызы чуу кылып коюшуп, кыйратып салышкансыган келесоолор. Умрага деле мактаныч үчүн барышкан булар, келе калышып той өткөрүшүп. Мусулмандарга тиешелүү бир да сапат жок экен го, айтканын кыл, кылганын кылба болуп. Курортто жатышкансып, уяты жоктор
+16
Gulipa
2020-03-19 14:23:39
Aikaaaa,ар бир адамдан кемчилик издегенге укмушсунар ай,балким муктаждарга берип,андан ашканына мусулмандын бир парзынан кутулуу учун барышкандыр.Мен берип жатам деп силерге отчёт бермек беле.Ал байкуштар да атайын мен жуктуруп келейин деп бармак беле,ошол создорду жазган сен уял!
-1
Scorpion_09
2020-03-19 22:49:49
Aikaaaa,
Эң туура
0
Agayu
2020-03-19 09:14:10
Уят ! Кытайдай 10 күндө курбаса да 30 жылдан бери эмнеге кароодон түзөтүүдөн өткөн жок .Эми булар карантинден пайдаланып тартыптыр , а буга чейинкилер ошерде жатып даарыланып жатыштыбы ? Оорусаң өзүңдүн шору дегенсип. Мына коррупция ! Оюбузда 21 кылым , жашообуз 17 кылым натури
+3
Jelezo
2020-03-19 09:43:12
Мурун жаткызган жери СИЗО окшойт.
+2
ainura220888
2020-03-19 22:01:22
Кысып эле жата беришбейби комфорт дебей дуйно дурболон тушуп атса умрага барбай кысып отурушканда ушул болбойт эле. Аз келгенсип дагы той откоруп. Умрага барган Адам ажы болбойт билип алгыла. Ажылык сапар озунчо. Элдин баарын дурболон кылып эми.олло кыжырым келип атат
+1
XATSAN125
2020-03-20 00:47:37
Үйүндөтдагы мындай шартта жашабаса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан