Бүгүн, 17-сентябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 29 миллион 743 миң 406 болду. Анын ичинен 20 миллион 203 миң 359 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 938 миң 820 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 629 миң 357 адамдан коронавирус аныкталды. 196 миң 732 адам каза болсо, 2 миллион 525 миң 573 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 5 миллион 20 миң 359 адамдан аныкталды. 82 миң 66 адам каза болсо, 3 миллион 942 миң 360 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 419 миң 83 адам вируска кабылган. 134 миң 106 бейтап көз жумса, 3 миллион 835 миң 119 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.