Дүйнө жүзүндө акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ДССУ) уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-октябрдан 25-октябрга чейин дүйнөдө 2 миллион 884 миң 604 адам вирус жуктурган. Ошол эле учурда 39 миң 712 адам COVID-19 илдетинен каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага (12-18-октябрь) салыштырмалуу оору жуктурган учур - 16 пайызга, өлүмдүн көрсөткүчү - 8 пайызга жогорулаган.
ДССУнун маалыматы боюнча жума ичинде инфекция эң көп Европада катталган (1 миллион 335 миң 914).
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Бүгүн, 28-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 43 миллион 903 миң 43кө жетти. Анын ичинен 29 миллион 730 миң 695 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 166 миң 127 адам каза болду.