Японияда "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктурган эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон аял менен эркектин жашы 80ден ашкан. Алар 11-12-февралда вирус жуктурганы аныкталып, кемеден чыгарылып, ооруканага жаткырылган. Ооруканадан алардын коронавируска чейин башка да оорусу бар экени аныкталган. Тилекке каршы, эки япониялык жаранды тең сактап кала алышкан эмес. Бул "Diamond Princess" круиздик лайнериндеги жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында биринчи өлүм катталган окуя.
Эске салсак, февралдын башында 3700 жүргүнчүсү бар "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавируска кабылган 10 адам бар экени аныкталып, кеме
14 күнгө Йокогаманын портуна токтотулган.