Кытайда коронавируска каршы күрөшүүдө колдонулуучу дары аныкталды

Кытай бийлиги дүйнөнү дүрбөтүп жаткан коронавирус менен жабыркап жаткан жарандарды дарылоо үчүн колдонула турган эң негизги дарыны атады. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.

Коронавирус менен күрөшүүдө колдоно турган дары Авиган (Фавипиравир деп да аталат) деп аталат. Ал сасык тумоого каршы күрөшүүчү каражат. Улуттук биотехнологияны өнүктүрүү борборунун башчысы Чжан Синьминдин айтымында, бул каражатты Ухан жана Шэньчжен аймактарындагы вируска кабылган жарандарды дарылоодо колдонулган. Тестирлөөгө 240тан ашык бейтап катышкандыгы айтылат. Авиган дарысын колдонгондон 2 жарым күндөн кийин бейтаптардын дене табы калыбына келе баштаган. Ал эми аталган дарыны колдонбогон бейтаптардын дене табын калыбына келтирүү дээрлик 4 суткага созулган. Ошондой эле Авиган дарысы жөтөлдү айыктырууда да өз эффективдүүлүгүн көрсөткөн.

Авиган (Фавипиравир) япониялык "Fujifilm Holdings" корпорациясы тарабынан сасык тумоону дарылоо үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле бул дарыны эболага каршы күрөшүүдө да колдонушкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rysik79
2020-03-19 08:07:10
Кана эми ошол авиган? Кыргызстанда барбы?
+4
jasi
2020-03-19 08:29:45
Дагы Бир кытай бизнеси. Бул мурун эле пландаштырылган нерсе болчу
+5
dair_17
2020-03-20 00:32:39
jasi, Бизнес эмес Кытай был вирустун айынан милиярдтаган суммадан айрылды. Ал сумманы даары сатып жабуу мумкун эмес. Менимче бул жерде башка политикалык оюн болуп жатат
+1
tavanova.sarah
2020-03-19 10:48:25
Оздору вирус чыгарып, оздору дарысын табышыптыр. Пландары ишке ашты бейм..
+4
satyke
2020-03-20 01:18:25
tavanova.sarah, Коронавирус 1965-жылдан бери белгилуу. Эч ким лабораторияда жасаган эмес.Вирус мутация жолу менен бат озгорот. Жасалган даарыны бир аз убакыттан кийин жакшыртууга же жаны даары ойлоп табууга туура келет. Вирус эч бир олкого пайда алып келбейт. Контролдон чыга турган болсо испанка сыяктуу миллиондогон омурлорду алып кетет. Адам баласынын тарыхында испанка сыяктуу катастрофа болгон эмес. Орто кылымдарда бутун бир шаарларды жок кылган чума дагы мындай кыйроолорду алып келген эмес.
0
katerina.li
2020-03-19 11:07:29
Кытай бизнеси.
+3
ZHYRGAL.balalaika
2020-03-19 23:50:42
Эмне болсо да Кытай бийлиги дуйного кандай күчкө ээ экенин көрсөтө алды.Коп калкы болсо да паникага алдыртпай камсыздай алды.
Кыргызстанга да башка бир мамлекеттердин жардамы керек,ар бирибиз маданияттуулугубуз менен жеңебиз
+2
zamiirbek1993
2020-03-20 00:03:52
уура кудайга шугур дарысы табылыптыр
0
xnurgul_gul
2020-03-20 00:12:48
Бул ооруну лабораторияда жасашканы чындык, бул чуманы даярдап дарысын кошо жасашкан. Бул шумшуктордун колунан баары келет. Ошентип озунун экономикасын бираз которуп алды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан